Роман Петров Олимпиада оюндарына жолдомо алды

Кыргызстандык фехтование боюнча спортчу Роман Петров Токиодо өтүүчү Олимпиада оюндарына лицензия жеңип алды. Бул тууралуу маалыматты Жаштар иши, дене тарбия жана спорт агенттиги билдирди.

Петров 25-апрелде Өзбекстандын Ташкент шаарында өткөн Азия жана Тынч океан квалификациялык мелдешинде биринчи орунду ээлеп, алтын байге тагынган.

Бул жетишкендиги үчүн спортчуга Токиодо өтүүчү XXXII Жайкы олимпиада оюндарына лицензия берилет.

Эске салсак, бул ата мекендик спортчулар уткан 13-жолдомо болду. Анын сегизин балбандар, үчөөсүн жөө күлүктөр утса, дагы бир лицензияга суучул жетишкен.