Романтика! Футболдук беттеш учурунда жигит сүйүктүүсүнүн колун сурады (сүрөт)

Бүгүн, 7-сентябрда Бишкектеги Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо Кыргызстан менен Бангладештин футболчулары беттешип жатат. Оюндун биринчи бөлүгү Кыргызстандын жеңиши — 2:0 эсеп саны менен аяктап, 2-бөлүктө дагы 1 гол киргизилди. Ал эми 53-мүнөттө Бангладеш курамасынын оюнчусу 1 гол киргизип, эсеп санын кыскарта алды.

Оюндар дайыма кызыктуу окуялар менен коштолуп келет. Бул сапар да бир кадр учурда талкууга алына баштаган кези. Күйөрмандар отурган бөлүктө «Жибек, ты выйдешь за меня?» деген баннер жайылды. Айтмакчы, Жибек колун сураган жигитке «ооба» деп жооп берди дешүүдө. Жигит стадиондун чыгыш тарабында баннерди жайган учурда анын сүйүктүүсү батыш тарапта отурган.