Коронавирус качан жок болот? Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун өкүлү үн катты

Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун Европа бөлүмүнүн башчысы Ханс Клюге коронавирус качан жок болушу мүмкүн экенин айтты. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.

Маалыматка ылайык, Клюгенин божомолунда ковид илдетин 2022-жылы жеңүүгө болот.  Бирок айрым өлкөлөр чектөөлөрдү алып салса, вирус кайрадан жайылышы толук мүмкүн.

«2021-жыл дагы ковид жылы болот. Бирок илдеттин алдын алууга, абалды толук башкарууга мүмкүнчүлүк бар. Өткөн жылы бүтүндөй адамзат туңгуюк абалга кептелгенбиз. Быйыл болсо айрым нерселерди билип калдык. Вируска каршы куралдарыбыз бар, вакциналар табылды. Ошондуктан алдын ала пландап иш жүргүзсөк, келерки жылы бул дартты толугу менен жеңип чыга алабыз», — дейт Клюге.