Орусия кыргызстандыктарга өлкөнүн аймагына себепсиз кирүүгө уруксат бериши мүмкүн

Кыргызстандын биринчи вице-премьер-министри Артём Новиков Орусиянын вице-премьер-министри Алексей Оверчук менен жолугушту.

Өкмөттүн басма сөз кызматы билдиргендей, жолугушууда эки жактуу кызматташуунун бардык маселелери, анын ичинде эки мамлекеттин башчыларынын деңгээлинде жетишилген макулдашууларды иш жүзүнө ашыруу талкууланды.

Тараптар Орусиянын «COVID’сиз саякат» программасына Кыргызстандын катышуу маселесин кеңири талкуулашты. Бул программага катышуу үчүн кыргыз медициналык лабораторияларынын Орусия керектөөчүлөр көзөмөлүнүн талаптарына шайкештигин баалоо боюнча макулдашууга жетишилди. Бул чечим кыргыз жарандарынын Орусия аймагына кирүүсү үчүн негиздеме алуу зарылчылыгын жокко чыгарууга мүмкүндүк берери күтүлүүдө.

Тараптар билим берүү жаатында кызматташууну тереңдетүүнүн маанилүүлүгүн белгилешти. Кыргызстандык студенттердин Орусиянын ЖОЖдорунда билим алуусуна акысыз квоталарды көбөйтүү жана «Орусиялык мугалим чет өлкөдө» программасы боюнча Орусиядан келген мектеп мугалимдеринин санын көбөйтүү макулдашылды.