Орусия Кыргыз өлкөсүнө коронавируска каршы 500 миң доза вакцинасын бекер берет

Орусия Кыргыз өлкөсүнө коронавируска каршы 500 миң доза вакцинасын бекер берет. Бул тууралуу бүгүн,  21-январда саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.

Анын айтымында, USAID 1 миллион 200 миң дозага ылайыкталган муздаткычтарды жана шприцтерди бекер бермей болгон. «Бизге Америка 1 миллион 200 миң доза вакцина бекер берген. Бирок бизге бул өлчөм жетпейт. Ошондуктан Орусиянын  «Спутник V» вакцинасына буйрутма бердик. Биз Путинге кат жөнөттүк. Алар бизге бекер 500 миң доза вакцина бермей болду”, — деди министр.

Ал эми вице-премьер Элвира Сурабалдиеванын айтымында, калкты эмдөө үчүн менчик медициналык борборлор дагы тартылышы мүмкүн жана эмдөө ыктыярдуу түрдө жүргүзүлөт.