Роза Айтматованын жаңы китеби жарык көрдү

Атактуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун карындашы, коомдук ишмер Роза Айтматованын “Ата-Бейит” аттуу китеби жарык көрүп, кечээ Алыкул Осмонов атындагы улуттук китепканада китептин бет ачаары болуп өттү.

Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, “Ата-Бейит” китебин коомдук ишмер Роза Айтматова менен жазуучу Асан Ахматов биргелешип жазышкан. Китеп 1937-1938-жылдардагы сталиндик репрессиянын курмандыктарынын элесине арналат. “Бул басылма “Тарыхтын актай барактары”, “Менин атам мамлекеттик ишмер катары”, “Адам аны эстеп турган адамдар бар кезде унутулбайт” жана “Кылыч жана калем” аттуу китептердин жалпыланган варианты катары чыгарылган. Китепте Айтматовдун ата-энеси, алардын ишмердүүлүгү гана эмес, ошол кездеги көпчүлүктүн, азыркы муундун да тагдырын өзгөрткөн репрессия учурундагы реалдуу окуялар сүрөттөлөт.