«Рух Ордо» маданий борборунун негиздөөчүсү Ташкул Керексизов көз жумду

Коомдук ишмер, Ысык-Көлдүн жээгиндеги «Рух Ордо» жана «Аалам Ордо» маданий борборлорунун негиздөөчүсү Ташкул Керексизов көз жумду. Жакындарынын айтуусунда кечээ, 7-майда 73 жаш курагында Ташкул Керексизов Бишкектеги Жугуштуу оорулар бейтапканасында көз жумган. Ал коронавирус жуктуруп алып, акыркы күндөрү аталган ооруканада дарыланып жаткан.

Ташкул Керексизов 1948-жылы Ысык-Көлдүн Балыкчы шаарында туулган. 1972-жылы Кыргыз мамлекеттик университетин аяктап, жогорку билимге ээ болгон. Райондук акимчиликтеги кызматкерден тартып президенттин кеңешчисине чейин жеткен. Талас облусунун губернатору, Мамлекеттик мүлк фондунун, Бажы кызматынын башчысы кызматтарын аркалаган.

Маркумдун сөөгү эртең, 9-майда Бишкектеги «Ала-Арча» көрүстөнүнө коюлат.

Сереп Медиа маалымат агенттигинин эмгек жамааты маркумдун туугандарына жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтат.