Мына ушул “Рух Ордого” эң чоң пирс салынып жатат. Ал пирс формасы комуздун түспөлүн көрсөтүп турат. Ортосунда боз үй форамасында айнек ресторан болот. Ресторанда улуттук тамактар гана берилет. Тейлөө кызматындагылар улуттук кийим кийишет. Кыскасы улуттук колоритибизди көрсөткөн туристтик комплекс кылалы деп иш баштаганбыз. Кечээ эле өзүм барып иштин жүрүшү менен таанышып келгем. “Быйылкы жайкы туристтик сезонго даяр кылабыз” деп куруучулар сөз беришти. Анан мага бүгүн пресс катчым телефон чалып “Социалдык түйүндөрдө комуздун формасы түшүрүлгөн пирске катуу сын айткандар көп болуп жатат” деп билдирди. Мына ошондуктан жалпы коомчулуктан сурамжылоо кылам», — деп жазды ал.
Бишкекте түнү 4 миңдей адам коомдук тартипти сактоо үчүн көчөгө чыгышат
Бүгүн, 18-май күнү Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын башчысы Азамат Токтоналиев гарнизондук саптык кароо-тескемеси коомдук тартипти сактоого жана коомдук...