Кыргызстанда сейрек кездешүүчү ак куулар өлкөнүн кайсыл аймагында байырлашат? (сүрөт)

«Rural Development Fund» аттуу эл аралык уюм изилдөө жүргүзүп, сейрек кездешкен, Кыргызстандын кызыл китебине кирген ак куулардын байырлаган, кыштаган аймагынын сүрөттөрүн социалдык тармактардагы баракчасына жарыялады.

“Ысык-Көл облусунун Тоң районуна караштуу Кара-Талаа айылынын Ак-Булуң жарым аралы канаттуулар жашаган эң маанилүү, биосфералык аймак. Ал жер ак куулардын жана чанда кездешкен куштардын сүйүктүү жери. Бул жерде 80 миңдей канаттуу кыштайт жана алардын айрымдары кызыл китепке киргизилген. Ошондой эле аталган жарым арал узак учуу учурунда миңдеген канаттуулардын эс алуучу жайы жана азыктануучу жайы катары кызмат кылат”,- деп айтылат билдирүүдө.