Руслан Мукамбетов коргоо министри болуп дайындалды

Президент Садыр Жапаров кол койгон жарлыкка ылайык, Мукамбетов Руслан Мустафаевич мурда жүктөлгөн милдеттерин аткаруудан бошотулуп, коргоо министри болуп дайындалды.

16-апрелде Руслан Мукамбетов өлкө башчы Садыр Жапаровдун жарлыгы менен коргоо министринин милдетин аткаруучу болуп дайындалган.

21-майдагы Жогорку Кеңештин жыйынында депутаттар коргоо министринин кызмат ордуна Руслан Мукамбетовдун талапкерлигин карап, жактырышкан.