Рустам Жокоев «Унаанын» жетекчиси кызматынан бошотулду. Ордуна ким дайындалды?

Рустам Жокоев Транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо боюнча мамлекеттик агенттиктин директорунун милдеттерин убактылуу аткаруудан бошотулду. Бул тууралуу президенттик аппараттан билдиришти.

Улан Карыпбеков Транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо боюнча мамлекеттик агенттиктин директору болуп дайындалды.