Рустамбек уулу Советбек: «Дыйкандар Элдик банк менен Айыл банктан насыя ала албай жатышат»

Дыйканчылык менен алектенген фермерлерден, багбандар Элдик банк менен Айыл банктан насыя ала албай жатышат. Бул тууралуу депутат Рустамбек уулу Советбек Жогорку Кеңештин бүгүнкү, 12-февралдагы жыйынында билдирди.

Эл өкүлүнүн айтымында, фермерлер март айында насыяны алганга жетишпей калышса, андан кийин насыя алуу максатсыз болот.

«Жалал-Абад, Ош, Баткен облустарында күн эртерээк жылыйт, билесиздер. Дыйкандар себүү, тигүү иштерин февралдын аягында башташат. Ошондуктан Финансы министрлиги, Айыл чарба министрлиги ушул иштерди тездетип берсеңиздер», — деди Рустамбек уулу Советбек.