Рысбеков: «Күн жылыган сайын жөнгө салуу үчүн жарыкты өчүрүүдөн алыстайбыз»

«Бүгүн, 16-январдан тартып аба ырайы жылый баштады. Жылуу болгон сайын автоматташтыруу жөнгө түшөт. Мындай учурда биз өчүрүүлөрдөн алыстайбыз». Бул тууралуу «Кыргызстандын улуттук электр тармактары» ишканасынын жетекчиси Алтынбек Рысбеков маалымат жыйында билдирди.

«Жөнгө салуу иштерин токтото баштайбыз. Бул аба ырайына байланыштуу. Мисалы, кечээги күнгө караганда бүгүн керектөө азая баштады. Бул техникалык жактан болуп жатат, башка саясат жок», — деди ал.