Саат 00:20га карата чек арадагы кагылышуу уланып жатат

Чек ара кызматынан маалымдашкандай, 27-январь күнү саат 23:50дө Кыргызстан менен Тажикстандын аскер кызматкерлеринин ок атышуусун 10 мүнөткө токтотуп, ошол убакта президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев менен Тажикстандын Согдий облусунун губернатору жана эки тараптын чек ара өкүлдөрүнүн катышуусунда жолугушуу болуусу пландаштырылган. Бирок тажик тарап эки тараптын ок атышууну токтотуу макулдашуусун дагы бузуп, кыргыз аскер кызматкерлери жайгашкан позицияларга карай ок атууну улантууда.

28-январь күнү саат 00:20га карата эки тараптын аскер кызматкерлеринин ок атышуусу Көчө-Бою жана Дахма жерлигинде болуп жатат.