Чек ара кызматынан маалымдашкандай, президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев жана Баткен облусу боюнча чек ара өкүлү полковник Кыялбек Төлөнбаев Тажикстандын Согди облусунун губернатору жана Тажикстандын чек ара өкүлү менен жолугушууда. Жолугушуу 28-январда саат 1:43тө башталып, Баткен районунун Как-Сай аймагында өтүүдө.
Саат 02:00гө карата Көчө-Бою жана Дахма аймактарында ок атышуу токтотулду. Головной жана Төрт-Көчө аймактарында маал-маалы менен атышуулар угулуп турат.