Саат 10:00гө карата 3 округ боюнча 11 миң 19 адам добуш берди

Бүгүн, 28-апрелде Баткен, Ош жана Кара-Суу округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоо башталды. Шайлоочулардын тизмедеги саны — 349 миң 798 адам. Добуш берүү убактысы 8:00дөн 20:00гө чейин.

Саат 10:00гө карата 3 округ боюнча жалпы шайлоочулардын 3,15 пайызы добуш берди. Бул 11 миң 19 адамды түзөт. 

Баткен округу боюнча 3 649 адам (3,25 пайыз) добуш берди. 

Ош округу боюнча 4 075 адам (3,25 пайыз) добуш берди. 

Кара-Суу округу боюнча 3 295 адам (2,94 пайыз) добуш берди.