Саат 11:00дө Лейлектин Селкана жерлигинде эки өлкөнүн делегацияларынын кеңейтилген курамдагы жолугушуусу өтөт

Саат 11:00дө Лейлектин Селкана жерлигинде эки өлкөнүн делегацияларынын кеңейтилген курамдагы жолугушуусу өтөт. Бул тууралуу Чек ара кызматынан билдиришти.

Бүгүн, 13-апрелде мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкесиндеги кырдаал туруктуу. Түн тынч өттү, атышуулар катталган жок. УКМКнын Чек ара кызматынын Баткен облусунда жайгашкан тарамдары күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөөгө өтүштү. Чек арачылар мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкесиндеги кырдаалды көзөмөлдөп турат.

Түнкүсүн саат 03:00дөн 03:55ке чейин “Кулунду-авто жол” (Кыргызстан) жана “Овчи-Калча-авто жол” (Тажикстан) көзөмөл өткөрүү жайларынын ортосундагы аймакта Кыргызстандын Баткен жана Тажикстандын Согди облустарынын жетекчилеринин жолугушуусу болуп өттү. Ага Кыргызстан менен Тажикстандын чек ара ведомстволорунун жетекчилери, ошондой эле тараптардын эки облусунун укук коргоо органдарынын жетекчилери катышты.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар төмөндөгүлөрдү макулдашышты:
— кошумча күч жана каражаттарды туруктуу жайгашкан жайларына алып чыгууну контролдоо. Кошумча өздүк курамды, аскердик техниканы жана курал-жарактарды чыгаруу ушул чечим кабыл алынгандан кийин 12-апрелден баштап биринчи мүнөттөрдө башталган;
— бүгүн, 13-апрелде саат 11:00дө Баткен облусунун Лейлек районундагы Селкана жерлигинде чыр-чатак орун алган жерде эки республиканын делегацияларынын кеңейтилген курамдагы жолугушуусун өткөрүү.