Саат 12:00. 4 саат аралыгында 15 миң 461 шайлоочу добуш берди

Бүгүн, 27-февралда Бишкектеги №27 Биринчи Май жана №29 Свердлов шайлоо округдарында Жогорку Кеңештин депутаттарын кайра шайлоо өтүп жатат.

Саат 12:00гө карата эки округ боюнча 15 миң 461 шайлоочу же жалпы шайлоочулардын 7,04 пайызы добуш берди. Биринчи Май райондук округунда 5423 шайлоочу добуш берди. Бул 4,79 пайызды түзөт. Ал эми Свердлов райондук округунда 10 миң 38 шайлоочу өз талапкерин тандоо кылды. Бул 9,42 пайызды түздү.

Добуш берүү саат 20:00дө аяктайт. Шайлоого 50 талапкер катышууда. Шайлоочулардын тизмесине 219 миң 654 адам кирди, анын ичинен 92 миң 587 эркек, 127 миң 67 шайлоочу аял.