Саат 14:00. Жергиликтүү кеңештерге шайлоого добуш бергендер 20,33 пайызды түздү

Саат 14:00гө карата жергиликтүү кеңештерге болгон шайлоого шайлоочулардын катышуусу 20,33 пайызды түзүп, 674 419 шайлоочу добуш берди.

Жалпысынан добуш берүү үчүн 3 миллион 318 миң 130 шайлоочу катталган.

Талапкерлердин тизмеси үчүн добуш берүүгө катышкан шайлоочулардын добуштарынын 7 жана андан көп пайызы берилген саясий партиялар депутаттык мандаттарды алышат.