Саат 12:00гө карата 3 округ боюнча 26 миң 310 адам добуш берди

Бүгүн, 28-апрелде Баткен, Ош жана Кара-Суу округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоо башталды. Шайлоочулардын тизмедеги саны — 349 миң 798 адам. Добуш берүү убактысы 8:00дөн 20:00гө чейин.

Саат 12:00гө карата 3 округ боюнча жалпы шайлоочулардын 7,52 пайызы добуш берди. Бул 26 310 адамды түзөт. 

Баткен округу боюнча 10 484 адам (9,33 пайыз) добуш берди. 

Ош округу боюнча 8 926 адам (7,12 пайыз) добуш берди. 

Кара-Суу округу боюнча 6900 адам (6,16 пайыз) добуш берди.