Саат 13:00гө карата Баткенде коомдук кырдаал туруктуу. Көчүрүлгөндөрдүн саны 24 миң кишиден ашты

Саат 13:00гө карата Баткенде коомдук кырдаал туруктуу. Көчүрүлгөндөрдүн саны 24 миң кишиден ашты. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен маалымдашты.

«Саат 13:00гө карата Баткен облусунун аймагында коомдук кырдаал туруктуу. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин өздүк курамы күчөтүлгөн тартипте иш алып барууда. Кооптуу аймактагы жарандар убактылуу жайларга жана туугандарына жайгаштырылууда. Облус боюнча жалпы 24 миң 237 жаран эвакуацияланды. Убактылуу жайларга көчүрүлүп келген жарандар тамак-аш азыктары, зарыл каражаттар менен камсыз болууда», — деп жазылат маалыматта.