Саат 14:00гө карата 3 округ боюнча 33 миң 232 адам добуш берди

Бүгүн, 30-июнда №5 Ноокат, №36 Ысык-Көл жана №29 Свердлов бир мандаттуу шайлоо округдары боюнча Жогорку Кеңешке депутаттарды кайра шайлоо башталды. Шайлоочулардын тизмедеги саны — 311 миң 363 адам. Добуш берүү убактысы 8:00дөн 20:00гө чейин.

Ноокат округу боюнча 14 миң 11 адам (15,39 пайыз) добуш берди.

Ысык-Көл округу боюнча 8 миң 596 адам (6,99 пайыз) добуш берди. 

Свердлов округу боюнча 10 миң 84 адам (9 пайыз) добуш берди. 

Үч округдан жалпы 29 талапкер ат салышып жатат.