Саат 14:00гө карата чек арада кайрадан ок атышуу башталды

Саат 14:00гө карата чек арада кайрадан ок атышуу башталды. Бул тууралуу УКМКнын Чек ара кызматынан билдиришти.

«Баткен районунун Как-Сай жерлигинде тажик чек арачылары «Достук» чек ара тозотуна ок чыгарышты. Кыргыз чек арачылары да жооп иретинде ок чыгарды»,- деп айтылат маалыматта.