Саат 14:00гө карата Лейлек жана Баткен райондорунда айыгышкан куралдуу кагылышуу жүрүп жатат

Саат 14:00гө карата Лейлек жана Баткен райондорунда айыгышкан куралдуу кагылышуу жүрүп жатат. Бул тууралуу УКМКнын Чек ара кызматынан билдиришти.

«Тажик тараптын агрессиясынын мизин кайтаруу үчүн УКМКнын Чек ара кызматынын Баткен облусунун аймагында жайгашкан бөлүмдөрүндө күч жана каражаттар жетиштүү»,- деп айтылат маалыматта.