Саат 15:00гө карата Баткен облусунун саламаттык сактоо уюмдарына 42 жабырлануучу түштү

16-сентябрда саат 15:00гө карата Баткен облусунун саламаттыкты сактоо уюмдарына 42 жабырлануучу түштү. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо минстрлигинен билдиришти.

«Алардын ичинен 19 жабырлануучу Баткен облустук бириккен ооруканасында, 18 жабырлануучу Лейлек Жалпы дарыгерлик практика борборунда, 5 жабырлануучу Лейлек Жалпы дарыгерлик практика борборунан Бишкек шаарындагы саламаттыкты сактоо уюмдарына жеткирилди. Абалы жана диагнозу тууралуу маалымат кийинчерээк берилет. Ошондой эле Улуттук госпиталдын нейрохирург, жалпы хирург, кан тамыр хирургу, анестезиолог-реаниматолог, торакалдык хирург, орто медкызматкерлерден турган үч медициналык бригада жабыркагандарга медициналык жардам көрсөтүү үчүн Баткенге учуп кеткендигин маалымдайбыз»,- дешти.