Саат 16:00гө карата 15,39 пайыз шайлоочу добуш берди

Бүгүн, 27-февралда Бишкектеги №27 Биринчи Май жана №29 Свердлов шайлоо округдарында Жогорку Кеңештин депутаттарын кайра шайлоо өтүп жатат.

Саат 16:00гө карата эки округ боюнча 33 миң 812 шайлоочу же жалпы шайлоочулардын 15,39 пайызы добуш берди. Биринчи Май райондук округунда 12 миң 610 шайлоочу добуш берди. Бул 11,15 пайызды түзөт. Ал эми Свердлов райондук округунда 21 миң 202 шайлоочу өз талапкерин тандоо кылды. Бул 19,90 пайызды түздү.

Добуш берүү саат 20:00дө аяктайт. Шайлоого 50 талапкер катышууда. Шайлоочулардын тизмесине 219 миң 654 адам кирди, анын ичинен 92 миң 587 эркек, 127 миң 67 шайлоочу аял.