Саат 16:00гө карата чек арада үчүнчү жерден чыккан ок атышуу да токтоду

Саат 16:00гө карата кыргыз-тажик чек арасындагы абал курч бойдон калууда. Паскы-Арык тилкесиндеги атышуу токтоду. Бул тууралуу УКМКнын Чек ара кызматынан билдиришти.

«Саат 08:10дон баштап Баткен облусунун аймагында тажик тараптын козутуусунан улам атышуулар маал-маалы менен орун алууда. Саат 08:10до Булак-Башы аймагында куралдуу жаңжал чыгып, саат 14:00дө тажик тарап Как-Сай тилкесинде, ал эми саат 15:08де Паскы-Арык участкасында атышуу башталган. Кыргызстан менен Тажикстандын чек ара өкүлдөрү ок атышууну токтотуу боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдө», — деп айтылат маалыматта.