Саат 18:00. Референдумга добуш бергендер 29,44 пайызды түздү

Саат 18:00дө референдумга шайлоочулардын катышуусу 29,44 пайызды түзүп, 1 миллион 61 миң 591 шайлоочу добуш берди.

Жалпысынан 3 606 201 шайлоочу катталган.

— Бишкек шаары – 24,30%

— Ош шаары – 38,26%

— Жалал-Абад облусу – 32,52%

— Ысык-Көл облусу – 29,15%

— Нарын облусу – 34,47%

— Ош облусу – 31,3%

— Талас облусу – 34,62%

— Чүй облусу – 25,70%

— Баткен облусу – 27,77%

— Чет өлкөлөрдө 4,11% адам добуш берди.

Референдумга добуш бергендердин саны 30 пайыздан ашса, референдум өттү деп жарыяланат.