Бүгүн, 1-май саат 18:15ке карата маалымат — кыргыз-тажик чек арасындагы абал салыштырмалуу туруктуу. Бул тууралуу УКМКнын Чек ара кызматынан билдиришти.
Кыргызстан менен Тажикстандын өкмөттүк делегацияларынын ортосундагы кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча сүйлөшүүлөрдүн натыйжасында, тараптардын күчтөрү жана аскер техникалары жайгашкан аймактарында аларды алып кетүү үчүн кароо жүргүзүү башталган.
Буга чейин тажиктер тарабынан жабылган Ош-Исфана жолу ачылды.