Саат 18:20га карата Чоң-Алай районундагы кыргыз-тажик чек арасында кырдаал кайрадан чыңалып жатат

17-сентябрь саат 18:20га Ош облусунун Чоң-Алай районундагы кыргыз-тажик мамлекеттик чек ара тилкесинде кырдаал кайрадан чыңалып жатат. Бул тууралуу УКМКнын чек ара кызматынан билдиришти.

Ок атышууну токтотуу жана чек ара сызыгынан аскерлерин жана күчтөрүн чыгаруу боюнча бардык келишимдерди дагы бир жолу бузуп, тажик тарап УКМКнын Чек ара кызматынын “Карамык” чек ара заставасынын чек арачыларына ок атуучу жана топтук куралдардан ок чыгарган.  УКМКнын Чек ара кызматынын Чоң-Алай районундагы тарамдарынын өздүк курамы аймактардагы абалды турукташтырууга багытталган иш-чараларды жүргүзүүдө.