Саат 18:30. Чек арадагы жаңжалда каза болгондордун саны 34 адамга жетти

Бүгүн, 1-май саат 18:30 карата маалымат — кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжалда каза болгондордун саны 34 адамга жетти. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, 173 адам жаракат алган. Буга чейин 33 адамдын каза болгону маалым болгон.

Дагы бир 1997-жылы туулган жаран Азазбек Бактияровдун каза болгону маалым болду. Ал Ош облусунун Кара-Суу районунун жашоочусу болчу.

«Саат 18:30да жети жабырлануучу медициналык жардамга сурап кайрылышты, алардын экөө медициналык жардам көрсөтүлгөндөн кийин амбулатордук дарыланууга жөнөтүлдү, ар кандай жаракаттарды алган беш жабырлануучу ооруканаларга жаткырылды, орточо оор абалда», — деп билдиришет министрликтен.

173 жабырлануучунун 31и аскер кызматкери, 1 медкызматкер, 131 жергиликтүү тургундар дагы 10 жабырлануучунун аты-жөнү такталып жатат.