Саат 19:00гө карата Баткен облусундагы чек арада кырдаал чыңалуу бойдон сакталууда

Саат 19:00гө карата мамлекеттик чек аранын Баткен облусундагы кыргыз-тажик тилкесинде кырдаал чыңалуу бойдон сакталып турат. Бул тууралуу Чек ара кызматынан маалымдашты.

Саат 18:20дан 18:50гө чейин Баткен районундагы Достук айылынын тушунда Тажик Республикасынын аймагында эки жолу ок атылган. Лейлек районунун Максат айылында жарандардын унааларына ок атылды делген жана Баткен районунун Достук айылында ок атылды деген маалымат чындыкка дал келбейт.

УКМКнын Чек ара кызматы жарандарды социалдык түйүндөрдөгү ишеничсиз басылмалар жана ар кандай ушак-айың кептер менен коомчулуктун тынчын албай, тиешелүү органдар менен болгон маалыматтарды тактап чыгууга чакырат.