Саат 21:00. Добуш бергендердин 79,27 пайызы Конституциянын жаңы долбоорун колдоду

Кыргызстандын аймагында бүгүн, 11-апрелде саат 08:00дөн тарта Конституцияга өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча референдум жана жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо өттү. Шайлоо тилкелеринин эшиги саат 20:00дө жабылды.

Ал эми чет өлкөлөрдөгү шайлоо тилкелери ошол жердин убактысы менен саат 08:00 — 20:00 аралыгында ачык болот.

Саат 21:00гө карата алдын ала жыйынтык:

Макул: 996 164 адам — 79,27%

Каршы: 171 713 адам — 13,66%