Саат 22:30га карата чек арадагы атышууда жабыркагандардын саны 129га жетти

17-сентябрь саат 22:30га карата чек арадагы атышууда жабыркагандардын саны 129га жетти, анын ичинен 7 жабырлануучу амбулатордук дарылоого жөнөтүлдү. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинен билдиришти.

— Баткен облусунун саламаттыкты сактоо уюмдарында 39 жабырлануучу;

— Ош облусунун саламаттыкты сактоо уюмдарында 4 жабырлануучу;

— Бишкек шаарынын саламаттыкты сактоо уюмдарында 79 жабырлануучу бар.

Жабырлануучулардын абалы орто оордукта деп бааланууда. Бардыгына тен тиешелүү медициналык жардам көрсөтүлүүдө, кандын компоненттери, дары-дармек жана медициналык багыттагы буюмдар жетиштүү. Каза болгондордун саны 24 адам.