Саат 22:30га карата кыргыз-тажик чек арасында абал тынч

Чек ара кызматынан бүгүн, 7-май саат 22:30га карата кыргыз-тажик мамлекеттик чек ара аймагындагы кырдаал туруктуу экендигин маалымдайт.

Бүгүн мамлекеттик чек ара аймагынын Лейлек районунун Арка-1 жерлигинин тушунда тажик тарап чек ара кезметин коюуга аракет кылган. Кыргызстандын чек арачыларынын мамлекеттик чек аранын такталбаган аймагында чек ара кезметин алуу талабын тажик тарап ошол эле замат аткарган.

Ал эми интернет айдыңында кулпунайды контрабандалык жол менен өткөрүлүүдө деп тараган видео боюнча Чек ара кызматы төмөндөгүдөй түшүндүрмө берет: бүгүн Лейлек районунун Максат айылына жакын жерден Тажик жараны 10 килограмм кулпунай сатууга аракет кылган, бирок Тажикистандын чек арачылары анын аракетине өздөрү бөгөт койгон. Азыркы учурда кыргыз-тажик мамлекеттик чек ара аймагындагы контрабандалык иштерге бөгөт коюу жумушун мамлекеттик органдардан сырткары Кыргызстандын чектешкен аймагындагы жарандык коомдор да көзөмөлгө алышууда.