Саат 9:30га карата кыргыз-тажик чек арасында кырдаал туруктуу

Бүгүн, 2-май саат 9:30га карата кыргыз-тажик чек арасында кырдаал туруктуу. Өткөн түндө ок атылган жок. Бул тууралуу Чек ара кызматынан билдиришти.

Ош-Исфана жолу ачык, кыймыл тоскоолдуксуз жүрүп жатат.  Тараптар мамлекеттик чек аранын линиясынан кошумча күчтөрүн жана каражаттарын алып чыгууда.

Чек арачылар күчөтүлгөн тартип кызматын өтөп жатышат.