Сабак учурунда окуучуларга телефон колдонууга тыюу салынат. Бул тууралуу Билим берүү министрлигинен билдиришти.
Аталган министрликтин “Жалпы билим берүү уюмдарында окуу процессинде уюлдук байланыш каражаттарын окуучулар тарабынан чектелүү түрдө колдонуу тууралуу Сунуштарды бекитүү жөнүндө” 2022-жылдын 30-августундагы буйругу бекиди. Ага ылайык, төмөндөгү кошпогондо жалпы билим берүү уюмдарынын окуу процессинде уюлдук байланыш каражаттарын колдонууга чектөө киргизүү сунушталат:
- Маалыматтык компетенттүүлүктү калыптандыруу үчүн окуу предмети боюнча маалымат издөөдө;
- Окуу процессинде онлайн тесттерди түзүүдө жана колдонууда;
- Окуу видеосун көрүүдө же аудио жазууларды колдонууда;
- Маалымат издөө үчүн QR-коддорду окууда;
- Электрондук күндөлүктү колдонууда;
- Атайын шаймандар жана техникалар менен жабдылган атайын багыттагы класстарда (информатика кабинеттери, smart-класстар) смартфондорду колдонууда.