«Сабак учурунда шып түшүп кеткен». Базар-Коргондо окуучулар чатырларда окумай болушту

Базар-Коргон районунун Кара-Жыгач айылында балдар 4-чейректи чатырларда окуп бүтүрүшөт. Бул тууралуу райондун акими билдирди.

Маалыматка караганда, балдары авариялык абалдагы мектепте окуп жаткан 20 чакты ата-эне 5-апрель күнү өкмөттүн Жалал-Абад облустук администрациясынын имаратынын алдында чогулушкан. Базар-Коргон районунун жетекчиси Бакыт Козуевдин айтымында, ата-энелер мектеп имаратынын абалына нааразы болуп, бийликтен чара көрүүнү суранышкан. Андан тышкары алар мектеп жараксыз абалга келгенден улам, балдарды онлайн форматта окууга которууга каршы болушкан. Себеп катары айрым ата-энелер балдарына телефон алып берүүгө мүмкүнчүлүктөрү жок экенин айтышкан.

«Өткөн жумада катуу жаандан улам сабак учурунда класстын шыбы түшүп кетиптир. Неберем тартып алган экен, көрсөттү. Мындан улам балдарды аралыктан окутууга жөнөтүп коюшту. Балдарга телефон аркылуу окуган кызыксыз экен, кээ бир ата-энелер баласына смартфон алып бере албайт. Аргасыздан биз өкмөт өкүлүнө кайрылып жатабыз», — деген айыл тургундарынын бири Тамара Мусабекова. 

Район жетекчиси Бакыт Козуев ата-энелер менен сүйлөшүүдөн кийин чатыр тигүү чечимине келишкенин билдирди — балдар убактылуу ошол жакта окушат. «Биз дүйшөмбүдөн тарта окууну жандантабыз. Окуу жыл аяктагыча балдар чатырда билим алышат. Бир жарым ай калды болгону», — деди Козуев.

Анын айтымында, Кара-Жыгач айылында жаңы мектептин курулушу ушул жылы башталышы мүмкүн. Эски мектепти Өзгөчө кырдаалдар министрлиги мындан 7 жыл мурун эле колдонууга жараксыз деп тапкан.