Ири базарларлардын өкүлдөрү: «Соодагерлер сабизди талаадан эле сатып алып кетишүүдө»

Кыргызстандагы ири базарлардын өкүлдөрү сабиздин кымбатташы экспортко байланыштуу экендигин билдиришти.

Монополияга каршы жөнгө салуу боюнча агенттикте өткөн жыйында “Дордой” базарынын директору Эркинбек Салымбеков бүгүнкү күндө жашылча-жемишти экспортко чыгарып жаткандар талаадан эле сабизди сатып алып жатканын маалымдады. Мындай кырдаалда ал өз учурунда баанын өсүшүнө алып келгенин билдирет. «Аламүдүн» базарынын директору Төрөгелди Узакбаев да сабиздин кымбатташы экспорт менен байланыштуу экендигин айтты.

Жашылча-жемиштердин баасы акыркы учурда жогорулап жатат. Алардын ичинен 30-40 сомдук сабиздин баасы 100-120 сомго жеткен.