Сабиздин кымбатташына дунгандар күнөөлүүбү? Депутаттын билдирүүсү боюнча кесиптеши үн катты

17-июндагы Жогорку Кеңештин комитет жыйынында депутат Бактыбек Райымкулов сабиздин кымбатташына дунгандарды күнөөлөп, алардын жасалма жол менен бааны көтөрүп жатканын айкан эле. «Чөп 250 сом. Экинчи чабык 300 сом болсо, кышкысын 600 сомго чейин көтөрүлөт. Азыр сабиз 100 сомдон сатылууда. Дунгандар бааны жасалма жол менен көтөрүп жатышат. Москва жана Сокулук райондору сууну жетиштүү алып жатышат. Ал жерде дунгандар жашайт. Алар бааларды көтөрүп жатышат», — деген эле.

Мындай айыптоо боюнча депутат Бахадыр Сулайманов Kaktus.media маалымат агенттигине төмөнкүлөрдү билдирди. «Мен Бактыбек Кемелбековичти сыйлайм. Түшүнөм, ал да суугат суунун жетишсиздигине тынчсызданып жатат. Бирок ал сабиздин кымбаттап кетишине адамдарды күнөөлөп адашты. Муну базар көрсөтөт: суроо-талап бар, сунуш бар, баа көтөрүлөт. Баалар Бишкек шаарында жана Чүй облусунда гана эмес, коңшу Казакстан, Тажикстан, Өзбекстанда, ал тургай Орусияда дагы көтөрүлүп жатат. Анын үстүнө депутат өзү айткандай, эски түшүм түгөндү, жаңысы быша элек. Эгерде бизде сактоочу жайлар, инфраструктура, логистика болсо, биз резервдерди сактап, бааларды кармап турмакпыз. Айыл чарба министрлиги азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылышы керек», — деди ал. Эл өкүлү күзүндө жашылча-жемиштер гана эмес, сүт, эт жана жумуртка дагы кымбаттарын божомолдоду.