Бишкек травматология жана ортопедия илимий изилдөө борборунун мурдагы директору Сабырбек Жумабеков жана Жогорку Кеңештин депутаты Дастанбек Жумабековдун агасы Рахымбек Нурманбетов көз жумду. Бул тууралуу журналисттерге 4-оорукананын басма сөз катчысы Назгүл Курамаева билдирди.
Маалыматка караганда, анын жүрөк оорусу кармап калган. Маркум Жумабековдордун атасынын бир тууган агасы. Ал мугалим болуп эмгектенген.