Сабырбек жана Дастанбек Жумабековдордун агасы көз жумду

Бишкек травматология жана ортопедия илимий изилдөө борборунун мурдагы директору Сабырбек Жумабеков жана Жогорку Кеңештин депутаты Дастанбек Жумабековдун агасы Рахымбек Нурманбетов көз жумду. Бул тууралуу журналисттерге 4-оорукананын басма сөз катчысы Назгүл Курамаева билдирди.

Маалыматка караганда, анын жүрөк оорусу кармап калган. Маркум Жумабековдордун атасынын бир тууган агасы. Ал мугалим болуп эмгектенген.