Сабырбек Жумабеков: «Алымкадыр Бейшеналиев менден кечирим сурап, иштешели деген сөзү болгон»

«Мен Алымкадыр Бейшеналиев менен жаман мамиледе болгон эмесмин». Бул тууралуу SUPERTV каналына маек берип жатып кызматтан алынган 4-оорукананын мурдагы башчысы Сабырбек Жумабеков билдирди.

«Керек болсо, менде азыр аудиосу бар. Мага үн жаздыруу жөнөтүп, «досум, мындан ары бири-бирибизди колдойлу, иштешели, мени кечирип кой» деген сөздөрү болгон. Министр болгучакты экөөбүздүн жолубуз кайчылашкан эмес», — деди ал.

Буга чейин саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев аталган борбор Шаардык клиникалык тез жардам ооруканасы болуп кайра түзүлөрүн билдирген. Кайра түзүлсө, жетекчи алмашарын айткан. Буга каршы болгон ак халатчандар 3-февралда оорукананын алдында митинг өткөрүштү. 4-февралда министр Жумабековдун кызматтан алынганын айтты. Ал эми анын ордуна жаңы дайындалган жетекчини ооруканага киргизбей коюшту.