Сабырбек Жумабеков апасынын туулган күнүнө берген белегин жарыялады

Сабырбек Жумабеков социалдык тармактагы баракчасына бүгүн, 15-мартта апасы 79 жашка чыкканын жазды.

«Бүгүн биз үчүн бактылуу күн, апамдын туулган күнү, 79 жашка чыкты. 11 бала төрөп, атам экөө жакшы тарбия берип, бир да жолу оорутпай, ооруканага жеткирбей таза, туура багып, баарыбызды асырап, чоңойтуп бүгүнкү күнгө жеткирген асылдарым. Мени баш кылып, депутат жана дагы 5 полковникти тарбиялап элине, мамлекетке кызмат кылгыла деп дайыма айтып келет.

Апамдын дайыма бизге айтып жүргөн «Биринчи Кудайдыкысыңар, экинчи элдикисиңер, үчүнчү меникисиңер» деген жакшы сөзү бар. Апа сиздин ак сүтүңүздү, эмгегиңизди эч качан актай албайбыз, бирок актаганга аракет кылабыз. Апа көпкө жашап, бактылуу, көнүлдүү, сапаттуу өмүр сүрүңүз! Сиз бар биз бактылуубуз!» — деп жазды ал.

Ал ошондой эле апасына белек катары Японияга жолдомо белек кылган.