Сабырбек Жумабеков эл аралык “Жылдын окумуштуусу 2020” сыйлыгын жеңип алды

Бишкек шаардык травмотология жана ортопедия илим изилдөө борборунун башчысы, тажрыйбалуу дарыгер Сабырбек Жумабеков “Жылдын окумуштуусу 2020” эл аралык сыйлыгынын жеңүүчүсү аталды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, кыргызстандык дарыгерди эл аралык “International Achievements Research Center” сыйлыгынын тандоо комитети жеңүүчү деп тапкан. Мындай чечимди дүйнө жүзү боюнча абройлуу серепчилерден турган тандоо комитети Чикаго шаарындагы кабыл алды.

“Клиникалык жана эксперименталдык травмотология жана ортопедия тармагындагы фундаменталдык жана прикладдык изилдөөлөргө кошкон салымы, басмадан чыккан эмгектери жана патенттеринин саны, доктордук жана кондидаттык диссертацияларда илимий жетекчилиги, илимий конференцияларда жана долбоорлордо катышкандыгы, илимий чөйрөдөгү лидерлиги, улуттук жана эл аралык сыйлыктарынын саны боюнча Сабырбек Жумабеков “Жылдын окумуштуусу 2020” сыйлыгын утуп отурат”,— деп жазылат маалыматта.

Сынактын жыйынтыгы менен Жумабековго эл аралык чөйрөдө тааныла турган сертификат жана уюмдун эмблемасы тартууланды.