«Садыр ава, Путин болбо!», «Конституцияны көрсөт!» деген плакаттары менен активисттер митингге чыгышты

Бүгүн, 31-январда Рита Карасартова жана Улан Үсөйүн баштаган жарандык автивисттер «Мыйзамдуулук үчүн» деген ураан менен митингге чыгышты. Бул тууралуу нааразычылык акциясынын катышуучулары социалдык тармактагы баракчаларына жарыялашты.

Маалыматка ылайык, тынчтык жүрүшүнө 20га жакын адам катышкан. «Садыр ава, Путин болбо!», Конституцияны көрсөт!» деген сыяктуу плакаттарды көтөргөн жарандык активисттер Баш мыйзамдын жаңы долбооруна каршылыгын билдирип, бийликтин бул кадамы туура эмес экендигин айтышты.

«Баштан башта» кыймылы демилгелеген бул тынчтык жүрүшү 2020-жылдын 22-ноябрынан бери ар жекшемби сайын өтүп келет.