Президент Садыр Жапаров 29-30-августта Ош жана Жалал-Абад облустарына жумушчу сапары менен барат.
Президенттин жумушчу сапарынын жүрүшүндө Эгемендүүлүк күнүнө карата өлкө боюнча социалдык, өнөр жай объекттеринин ачылышы офлайн жана онлайн форматта өтөт. Ошондой эле, 30-августта президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн имаратынын салтанаттуу ачылышы болот.