Президент Садыр Жапаров бүгүн, 30-сентябрда элге кайрылуу жасады.
“25-сентябрда Жогорку Кеңеш өзүн-өзү таратуу чечимин кабыл алгандан кийин, мен бүгүн Жогорку Кеңештин 8-чакырылышынын депутаттарын шайлоо күнүн 30-ноябрга белгилеп, Жарлыкка кол койдум. Ошентип, Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо ушул жылдын 30-ноябрь күнү болот.
Биринчиден, демилге көтөрүп, ушул маселени колдоп берген депутаттардын баарына терең ыраазычылык билдиремин. Сиздер алдыда калган бир жылдык депутаттык мөөнөтүңүздөрдү эмес, мамлекеттин узак мөөнөттүү туруктуулугун ойлодуңуздар. Мамлекеттик деңгээлде мамлекетчил атуул катары ой жүгүрттүңүздөр. Себеби келечекте эки шайлоо ар беш жыл сайын бири-бирине учкашып өтсө, бул, биринчиден, БШК үчүн кыйынчылык жаратат, экинчиден, саясий стабилдүүлүккө залакасын тийгизиши мүмкүн. Үчүнчүдөн, келерки жылы күздө Шанхай кызматташтык уюмунун саммити жана көчмөндөр оюну бизде өтөт. Кыскасын айтканда “Тогуз толгоо” бир келип атат.
Кээ бир саясатчылар же оппозициячылар бир жылдан кийинки президенттик шайлоого кам көрүп жатат деп ойлошу мүмкүн. Жок, туугандар. Мен эч бир депутаттан тарагыла деп суранган деле жокмун. Мен 5 жыл мурун 80 пайыз элдин колдоосу менен өткөм. Кийинки шайлоого талапкерлигимди койсом, 90 пайыз менен өтөм деп ишенем. Анткени элдин колдоосу мурдагыдан да күч экенин сезип турам. Тек гана мындан ары узак мөөнөткө саясий стабилдүүлүк орногонуна кубанып жатам.
Эми кудай буюрса эки шайлоонун ортосу дайыма бир жарым жыл аралык менен өтүп турат. Ошондуктан, урматтуу депутаттар, ар бириңиздер өз керт башыңыздарды ойлобостон, эң туура чечим кабыл алдыңыздар. Биз башкаруу системасын иреттеп, түз жолго салып, саясий кризистерди жойдук, экономикалык өсүштү камсыз кылдык. Эми келечекке узак мөөнөттүү стабилдүүлүктү орнотушубуз керек эле. Мына эми узак мөөнөттүү стабилдүүлүк калыптанды десек болот.
Эми, урматтуу эл-журт, кайрылуумдун мазмуну төмөнкүчө болмокчу:
Көз карандысыздыкты алгандан кийин 30 жыл ичинде Кыргызстаныбызда 3 жолу төңкөрүш болду. Үчөө тең шайлоолордон келип чыккан. 3 жолу мамлекетибиз чачырап кетүү коркунучуна келип такалган. Анткени шайлоолор адилет өтчү эмес. Биринин добушун экинчисине кошуп, же болбосо аз добуш алган талапкердин добушун көбөйтүп, добуштарды сатып алып, айтор, бийлик башындагылар каалагандай шайлоолор өтүп келген. Азыр андай эски шайлоо системасын жок кылдык. Илгеркидей бюллетендерди чыгарып алып, шайлоо участокторуна алдын ала камаздап ташып барып, аларды күнү-түнү кайтарып жаткан мезгил өтүп кетти. Баары санариптешти. Азыр эми шайлоо участогуна барып, каттоодон өтөрүңүз менен ошол жерден бюллетенди компьютер чыгарып берет. Каалаган талапкериңизди шайлап, бюллетенди автоматтык жашикке саласыз. Автоматтык жашик добушуңузду кайсы талапкерге бергениңизди дароо эсепке алып коёт дагы шайлоо убактысынын бүтүшүн күтөт. Шайлоо убактысы аяктап, кечки саат 20:00дө жашиктин кнопкасын басканда кайсы талапкер канча добуш алганын дароо эсептеп чыгарып берет. Андан сырткары, жашиктеги бюллетендерди төгүп алып, талапкерлердин байкоочулары менен биргеликте кол менен дагы санап чыгышат. Ал бюллетендер бир жыл бою архивде сакталып калат. Кайсы талапкер кайсы шайлоо участогунан күмөн санаса, арыз жазып барып, кайрадан санап чыкса болот.
Кыскасы, бир дагы талапкер же кандайдыр бир күчтөр шайлоонун жыйынтыгына доомат коё албайт. Себеби бизде шайлоо системасы толук электрондошуп, автоматташкан. Мындай шайлоо системасы КМШ өлкөлөрүнүн ичинде бизде гана бар. Кыргызда “Оозун сүткө күйгүзгөн айранды үйлөп ичет” деген таасын айтылган сөз бар. Анын сыңарындай, шайлоонун шайтан оюндарынан 30 жылда 3 жолу төңкөрүш көргөн жаныбыз шайлоо системасын адам фактору аралашпагандай кылып толук санариптештирип, автоматташтырып салдык. Мен муну менен эмнени айткым келди. Мындан ары шайлоолордо добуш саноодо жана жыйынтык чыгарууда бийликтин эч кандай таасири болбойт”,- деди ал.