Садыр Жапаров саатына 700 киловаттык чектөөнү алып салуу боюнча тапшырма берди. Бирок…

Президент Садыр Жапаров энергетиктерди чогултуп, саатына 700 киловаттык чектөөнү алып салуу боюнча тапшырма берди. Бул тууралуу президент Фейсбуктагы баракчасына жазды.

«Энергетика — стратегиялык маанидеги, ошону менен бирге көйгөйү көп тармак. Анын азыркы кейиштүү абалы өзгөчө көңүл бурууну, кечиктирилгис чукул чараларды көрүүнү талап кылат. Жалпыбыз күбө болуп келгендей, бул тармакта маселелерди чечкендин ордуна тескерисинче, маселенин үстүнө маселени үйүп, оңдоо иштерине деген шылтоо менен кредиттерди алышып, ал акчаларды ушул тармакка жумшабастан уурдап кетишип, натыйжада, бүгүн энергетика тармагынын карызы 129 миллиард сомду түзүптүр. Ошого жараша көмөк чордондорубуз, линияларыбыз оңолгон эмес. Тескерисинче, итке минген абалга келиптир. Бул каражаттардын көпчүлүк бөлүгүн энергетиктер эмес, бийлик башында олтурушкан аткаминерлер уурдап кетишиптир. Бул маселе боюнча Эсеп палатасына тапшырма берилет. Изилдеп чыгабыз. Суунун башында олтуруп, электр энергиясын экспорттоочу эмес, импорттогон өлкөгө айланып калыптырбыз.

Кыскасы, энергетика тармагын сактап калууга тийишпиз. Аны сактап калуу үчүн көптөн бери топтолуп, бирок чечилбей келген көйгөйлөрдү чечүүнү ниет кылып, биз чечкиндүү аракеттердин баарына барууга даярбыз.

Турмушу начар, аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө 74 тыйын кылып, чектөөнү алып салалы деген сунуш бар. Учурда аз камсыз болгон 110 миң үй-бүлө бар. Бул социалдык жактан камсыз кылуу мекемесинен алынган маалымат. Жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен энергетиктер биргелешип дагы бир жолу тактап чыгышса, бул тизме дагы көбөйүшү мүмкүн. Тактап чыгуу боюнча тапшырма беребиз.

Тоолуу жана жашоо-шарттары оор алыскы райондорго 1 сом 4 тыйындан берип, чектөөнү таптакыр алып салалы деген сунуштар бар. Ал эми жашоо-турмушу Кудайга шүгүр үй-бүлөлөргө 1 сом 48 тыйындан сатуу сунушталып жатат. Чектөө алынат. Бирок суунун тартыштыгына байланыштуу ушул категориядагыларга кышкы мезгилдерде саатына 1000 киловаттан ашса, 2 сом 29 тыйындан болсун деген сунуштар бар. Бул бүгүнкү күндөгү электр энергиянын өздүк наркы», — деп жазды ал.