Садыр Жапаров Айгүл Жапарова менен беттешти көрүүгө келди

Президент Садыр Жапаров кечээ, 6-июнда борбор калаадагы Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадионго Кыргыз Республикасы менен Малайзиянын курама командаларынын футболдук беттешине барды.

Кыргызстан менен Малайзиянын курама командаларынын беттеши 1:1 эсебинде тең чыгуу менен аяктады. Бул беттеш 2026-жылы өтө турган Дүйнө чемпиондугуна тандоонун 2-раундунун бешинчи турунун алкагында өттү.